Байыркы Патара шаарында Республикалык чоң концерт өткөрүлдү
Жарым саатка созулган концерт телеканалдардан түз эфирде көрсөтүлдү.
1518644
Антальянын Каш районуна жакын жайгашкан байыркы Патара шаарында кечээ 29-октябрь Республика майрамын белгилөө иш-чараларынын алкагында, Коммуникация башкармалыгы менен Маданият жана туризм министрлигинин кызматташуусунда Республикалык чоң концерт өткөрүлдү.
Президенттиктин симфониялык оркестри тарабынан байыркы Патара шаарынын Парламент имаратында өткөрүлгөн Республикалык чоң концерт, 29-октябрда Түркия Республикасынын түзүлгөн жылын белгилөө максатында саат 19:23тө Улуттук Гимн менен башталды.
Жарым саатка созулган концерт телеканалдардан түз эфирде көрсөтүлдү.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.