Баку жана Сараеводо түрк байрагы чагылдырылды

29 -  Октябрь Республика майрамынан улам Баку олимпиада стадионунда түрк желеги чагылдырылып,  Гейдер Алиев Борборунда түрк музыкалары аткарылды.

1518383
Баку жана Сараеводо түрк байрагы чагылдырылды

Түрк желеги Азербайжандын борбору Бакунун жаңы архитектуралык символдорунун бири болгон Гейдер Алиев борборунун жана Баку олимпиада стадионунун сырткы фасадына чагылдырылды.

29 -  Октябрь Республика майрамынан улам Баку олимпиада стадионунда түрк желеги чагылдырылып,  Гейдер Алиев Борборунда түрк музыкалары аткарылды.

Гейдер Алиев борборунун  тышкы фасадына түрк байрагынын чагылдырылышын Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзорал да көрдү.

Өзорал массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө Түркия менен Азербайжандын «эки мамлекет, бир улут» катары кубанычын да кайгысын да бөлүшкөн эки өлкө экендигин айтты.

Босния Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо болсо тарыхый Виженица китепканасы да түрк байрагынын түстөрүнө бөлөндү. 



Тектеш кабарлар