Берлин кинофестивалы башталды

Конкурс бөлүмүндө да  18 өлкөдөн 18 фильм «Алтын аюу» үчүн жарышат.

1363838
Берлин кинофестивалы башталды

Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн  70 -  Эл аралык Берлин кинофестивалы ( Берлинале) канадалык режиссер Филипп Фалардонун "My Salinger Year" аттуу филиминин көрсөтүлүшү менен башталды.

Берлин кинофестивалында жарышкан филимдер көрсөтүлгөн Берлинале Паласта өткөрүлгөн галадан мурда режиссер Фалардо, «"My Salinger Year"» аттуу филимдин актерлору жана Берлин кинофестивалынын жюриси актер Жереми Айронс менен көп сандаган таанылган ысым кызыл килемде жүрүштү.

Ошол эле учурда  галада Германиянын Ганау шаарындагы террордук кол салууда  курман болгондор эскерилди.

Фестивалда бул жылы 71 өлкөдөн 340ка жакын кино көрсөтүлөт.

Конкурс бөлүмүндө да  18 өлкөдөн 18 фильм «Алтын аюу» үчүн жарышат. Фестивалда сыйлыктар 29 -  февралда ээлерине тапшырылат.

 

 

 



Тектеш кабарлар