Борбор шаар Анкарада Wonderland Eurasia ачылды

Анкара Мэриясы тарабынан 1 миллион 300 миң чарчы метрдик аянтка курулган тема паркынын ачылышын президент Режеп Таййип Эрдоган жасады.

1167553
Борбор шаар Анкарада Wonderland Eurasia ачылды

Борбор шаар Анкарада курулган жана Европанын эң чоң тема паркы болуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон Wonderland Eurasia каалгаларын келгендерге ачты.

Анкара Мэриясы тарабынан 1 миллион 300 миң чарчы метрдик аянтка курулган тема паркынын ачылышын президент Режеп Таййип Эрдоган жасады.

Wonderland Eurasiaга алгачкы жылы 5 миллион жергиликтүү жана чет элдик туристтин келиши максатталууда.

Бардык жаштагы кардардын көңүл ачуусу үчүн долбоорлонгон тема паркында, 23-апрелден 5-майга чейин концерттер өткөрүлүп турат.

Учуучу аралдан тартып учуучу театрга чейин, шамал рыцарларынан муз үңкүрлөрүнө чейин бир топ көңүл ачуу бөлүмүнүн жана 2 миллиондон ашуун өсүмдүк жана терек түрү орун алган тема паркынын кирүү акылары балдар жана чоңдор үчүн бир күнгө 25 лира, 4 кишилик үй-бүлө үчүн 80 лира, жылдык лимитсиз болсо 950 лира деп белгиленди.

Президент Эрдоган, тема паркынын ачылышында  сүйлөгөн сөзүндө сүйүнчү берип, Анкапарк «Wonderland Eurasiaнын» 31-марттын  кечине чейин акысыз тейлөө жасай турганын жарыялады


Этикеткалар: #Wonderland Eurasia , #Анкарада

Тектеш кабарлар