Босфор кинофестивалынын калыстар тобунун төрагасы белгилүү болду

«7-Босфор кинофестивалы» Стамбулда өтөт.

1270903
Босфор кинофестивалынын калыстар тобунун төрагасы белгилүү болду

Эл аралык Босфор кинотасма коому тарабынан уюштурулган 7-Босфор кинофестивалынын эл аралык калыстар тобунун төрагасы белгилүү болду.

Фестивалда Эл аралык толук метраждуу кинотасма номинациясынын калыстар тобуна филиппиндик сенарист жана режиссер Брильянте Мендоса жетекчилик кылат. Ал "Масахиста", "Таклуб", "Кинатай" жана "Ма'Роза" сыяктуу кинолору менен таанымал.

Кинотасмаларында чыныгы адамдарга жана алардын тажрыйбаларына орун берген дасыккан режиссер, өзүнө таандык кинематография жана көркөмдөөсү менен көптөгөн фестивалдарда сыйлыктарды багындырган.

«7-Босфор кинофестивалы» 18-25-октябрда Стамбулда өткөрүлсө, кинотасмалар Атлас, Бейоглу жана Кадыкөй кино залдарында көргөзүлөт.



Тектеш кабарлар