Босния-Герцеговинадагы «Айваз Деде» фестивалдары

Босняктардын Исламды кабыл алуусунун эң маанилүү символдорунун бири болгон Акхисардан Айваз Деденин элесине арналган майрамдык иш-чарага катышкан атчандар үчүн Донжи Вакуфта салттуу парад өткөрүлдү.

1848253
Босния-Герцеговинадагы «Айваз Деде» фестивалдары

Быйыл Босния-Герцеговинада 512- өткөрүлгөн «Айваз Деде» фестивалынын борбордук программасына катыша турган 280 атчан Донжи Вакуф шаарында кубанычтуу жана кол чабуулар менен тосуп алынды.

Босняктардын Исламды кабыл алуусунун эң маанилүү символдорунун бири болгон Акхисардан Айваз Деденин элесине арналган майрамдык иш-чарага катышкан атчандар үчүн Донжи Вакуфта салттуу парад өткөрүлдү.

Донжи Вакуф эли салттуу кийимдери, кызыл фес жана жашыл желектери, Улуттук коргоо министрлигинин Аскердик оркестри менен шаардын борборун аралап өткөн атчандарга чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Травник муфтийи Ахмед Адилович салттуу «Айваз Деде» фестивалынын туусун Караула имамы Салих Арслановичке тапшырды.

Адилович бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Босния-Герцеговина мусулмандарынын Айваз Деденин дубасынын натыйжасында бул жерде бир кереметтин болгонуна ишенгендерин белгилеп: «Биз да көп жыл мурун болгон окуяны баалап, салт катары сактап келебиз»,-деди.

Парадга Түркиянын Сараеводогу элчиси Садык Бабур Гиргин, Маниса шаарынын Шехзаделер муниципалитетинин мэри Өмер Фарук Челик жана Түркиядан келген көптөгөн коноктор катышты.



Тектеш кабарлар