Бүгүн Измирдин душмандан кутулушунун 97 -  жылы

Измирдин боштондукка чыгышынын 97 -  жылына арналган иш чарада Соло түрк жана түрк жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашат.

1266182
Бүгүн Измирдин душмандан кутулушунун 97 -  жылы
izmir'in kurtulus yildonumu2.jpg
izmir'in kurtulus yildonumu1.jpg

Бүгүн Измирдин душмандан кутулушунун 97 -  жылы

1922 – жылы 9 -  сентябрь ошол эле учурда Анадолунун баскынчылыктан кутулган күнү.

Измир боштондук күнүн кубанычтуу майрамдап жатат. Иш чаралар 350 метрдик чоң түрк байрагы менен башталган Жеңиш жүрүшү менен башталды.

Облустук акимчиликтин алдында уюштурулган аземде атчандар бөлүгүнүн Измирге кириши жандандырылды. Андан кийин 2 аскер Улуттук гимндин коштоосунда түрк байрагын көтөрдү.

Атчандар бөлүгү Афьонкарахисардан алып келген түрк байрагын Измир акими Эрол Аййылдызга тапшырды.

Измирдин боштондукка чыгышынын 97 -  жылына арналган иш чарада Соло түрк жана түрк жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашат.



Тектеш кабарлар