Чебер актер Жүнейт Аркын каза болду

Көптөгөн тасмаларга тартылган чебер актер көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

1849109
Чебер актер Жүнейт  Аркын каза болду

Йешилчамдын чебер актеру Жүнейт Аркын дүйнөдөн кайтты.

Унутулгус тасмалары менен түрк киносуна из калтырган белгилүү актёр Жүнейт Аркын үйүндө ооруп, ооруканага жаткырылды.

Жүрөгү токтоп калгандыктан ооруканага жеткирилген 85 жаштагы Аркындын бардык жардамдарга  карабастан каза болгону белгиленди.

Чыныгы аты Фахреттин Жүреклибатыр болгон белгилүү актёр 1937-жылы Эскишехирде төрөлгөн.

Негизги кесиби дарыгерликти таштаган Аркын 1963-жылы актёрдук кесипти аркалай баштаган. Көптөгөн тасмаларга тартылган чебер актер көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

 



Тектеш кабарлар