Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Сирияда

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB)  башчысы Абдуллах Эрен жана аны коштогон делегация, Сириянын түндүгүндөгү аймактарга барышты.

1202000
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Сирияда
ytb firat kalkani1.jpg

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB)  башчысы Абдуллах Эрен жана аны коштогон делегация, Сириянын түндүгүндө террордон тазаланган «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары болгон аймактарга барышты.

Делегация,Килистин маңдайындагы Сириянын территориясында орун алган Азез, Жераблус, Баб жана Чобанбей аймактарында билим берүү иштерин ордунда иликтеп, жергиликтүү университеттерди кыдырды.

Делегация, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан Чобанбейде Африн операциясынын биринчи шейити болгон Шейит Муса Өзалкандын керээзи боюнча салынган маданият борборунда уюштурулган ифтарда жетим жана багар көрөрү жок балдар менен катар аймактын калкы менен да жолугуп баарлашты.

  Сириядагы жарандык согуштун себебеинен билим алууларын жарым калтырууга аргасыз болгон көп сандаган жаштын академиялык жактан өнүгүүлөрүнө салым кошуу максаты менен мекемеси бир топ эмгек кылганын белгилеген башчы Эрен, бул жаштардын Сириянын кайрадан курулуусунда маанилүү милдеттерди аткара турганын баяндады.

Бул жагынан алганда Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы сириялыктардын жогорку билим алууларына карата абдан олуттуу жоопкерчилиги болгонун белгилеген башчы Эрен: «Түркияда сириялыктардын жогорку билим алуулары тууралуу жоопкерчиликти биздин мекемебиз орундатат. Сириялык студенттердин лагерлерде жана шаар борборлорунда  билим алууларына салым кошуудабыз. Террордон тазаланган бул аймактарда болсо жогорку билим алуунун ишке ашырылышы темасында байкоо салуу жана түркмөн туугандарыбыз менен берки тууган коомчулуктарды көрүп, баарлашууну кааладык»,-деп айтты.                                                          



Тектеш кабарлар