Дин иштери башкармалыгынын башчысы Курман айт майрамына карата билдирүү жарыялады

Дин иштери башкармалыгынын башчысы  д-р Али Эрбаш, Курман Айт майрамынын бүткүл адамзаттын азаптардан кутулушуна, дүйнөнүн тынчтык жана бакубаттыгына себепчи болушун тиледи.

1464806
Дин иштери башкармалыгынын башчысы Курман айт майрамына карата билдирүү жарыялады

Дин иштери башкармалыгынын башчысы  д-р Али Эрбаш, Курман Айт майрамынын бүткүл адамзаттын азаптардан кутулушуна, дүйнөнүн тынчтык жана бакубаттыгына себепчи болушун тиледи.

Курман айт майрамына карата жарыяланган билдирүүсүндө Эрбаш, момундарга тынчтык, бир туугандык жана бөлүшүү сезимдерин жеткирген ыйман, баш ийүү жана берилүүнүн символу болгон майрамга жетүүнүн кубаныч жана толкундануу сезимин жашагандарын айтты.

Майрамдарды «биримдик, тилектештик, жардамдашуу жана колдошуу сезимдери өкүм сүргөн өзгөчө мезгилдер» деп сүрөттөгөн Эрбаш, Курман айт майрамынын айрыкча Исламдын негизги ибадаттарынан ажылык аткарылган,  миллиондогон момун мусулмандардын Аллахка моюн сунуу менен Меккеде чогулган ыйык  убакыт болгонун айтты.

Эрбаш бул жылы Масжид аль-Харам, Арафат, Мүзделифе жана башка ажылык жерлеринин дүйнөлүк пандемияга (коронавирус) байланыштуу “каргаша” каптап, маанай пас болуп калганын айтты.

Али Эрбаш түрк улутунун сабырдуулук, туруктуулук жана умтулуу менен көптөгөн кыйынчылыктарды жеңгенин белгилеп: «Мына, 86 жылдык кусалыктан кийин улуу жеңиштин символу болгон Аясофия мечитинин ачылышы биздин элибиздин бекем ишениминин, түгөнбөгөн үмүтүнүн жана чечкиндүү позициясынын белгиси. Аллахтын жардамы, улутубуздун каалоосу жана чечкиндүүлүгү менен, болуп жаткан глобалдык кыйынчылыктарды дагы ашып өтүп , дагы чоң тынчтык жана шыктануу менен майрамдарды жашай тургандыгыбызга толук ишенем»,-деп айтты.

Бардык нерсеге карабастан, майрамды бардык кооздуктары менен жашоого аракет кылуу керектигине көңүл бурган Эрбаш, түрк улутун жана бүтүндөй Ислам дүйнөсүн Курман айт майрамы менен куттуктады.



Тектеш кабарлар