"Дирилиш Эртугрул" жаңы сезонун баштады

ТРТнын эң алдыңкы сериалы «Дирилиш Эртугрул» жаңы сезонунун биринчи бөлүмүн 25 тилде 80ден ашуун өлкөдө берди.

1084277
"Дирилиш Эртугрул" жаңы сезонун баштады

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын эң алдыңкы сериалы «Дирилиш Эртугрул» жаңы сезонунун биринчи бөлүмүн 25 тилде 80ден ашуун өлкөдө жарыялады.

ТРТнын чет өлкөлөрдө да абдан чоң кызыгууларды тарткан «Дирилиш Эртугрул» сериалы бешинчи сезонун баштады.

Тизмесин жаңы  актер жана актрисалар менен толуктаган «Дирилиш Эртугрулдун» 122 – бөлүмүнөн мурда Стамбулдагы Жемиле Султан токойчосунда галасы өткөрүлдү.

Кечеге катышкан ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен алдыдагы мезгилде да тарыхый сериалдарды экранга чыгарууну максат кылышкандарын айтты.

25 тилде 80ден ашуун өлкөдө берилген «Дирилиш Эртугрулду» ушул күнгө чейин 3 миллиард киши көрдү.

 

 

 



Тектеш кабарлар