Дүйнө жаңы жылды тосуп алды

Британиянын борбор шаары Лондондо майрамдын адреси Таймс дарыясынын жээги болду. Англистер 2019 -  жылды фейерверктер менен баштады.

1117110
Дүйнө жаңы жылды тосуп алды

2019 -  жылга биринчи болуп кирген Жаңы Зеландия болду. Жаңы жыл Аукландда фейерверктер менен тосулуп алынды. Австралиянын Сидней шаары да 2019 -  жылга биринчи болуп кирген өлкөлөрдөн болду. Сиднейликтер жыл сайын болгондой бул жылы да Харбор-Бриджда чогулду.

Япония да жаңы жылды тосуп алган өлкөлөрдүн арасында. Борбор шаар Токиодо миңдеген киши жаңы жылды түрдүү иш чаралар менен тосуп алды. Япониядан кийин Гонконг жана Кытай жаңы жылга салам берди. Тайланддыктар жаңы жылга фейерверктер менен кирди.

Орусия болсо Түркия менен бирдей убакта жаңы жылга кирди. Миңдеген киши жаңы жылга Москвадагы Кызыл аянтта чогулду.

Иракта  Эрбилде суук аба жана кээ кээде жааган жамгырга карабастан эл аянттарга чыгышты.

Керкүктүктөр да жаңы жылды белгилешти.

Азербайжан болсо жаңы жылды борбор шаар Бакуда тосуп алды. Президент Илхам Алиев жаңы жылга минуталар калганда элге кайрылып, 2018 -  жылдын ийгиликтүү жыл болгондугун айтты.

Европа өлкөлөрү Германия, Испания, Франция, Нидерландия Түркиядан 2 сааттан кийин жаңы жылга кирди.

Франциянын борбор шаары Парижде миңдеген киши жаңы жылды белгилөө үчүн Champs-Elysees проспектисинде жолугушту.

Германиянын борбор шаары Берлинде эл Бранденбург каалгасынын алдындагы аянтта чогулушту. Австрия болсо жыл сайын болгондой жаңы жылга вальтын коштоосунда кирди.

Грециянын борбор шаары Афина да жаңы жылга фейерверктер менен кирди. Македониянын борбор шаары Скопияда жаңы жылды тосуп алган миңдеген киши фейерверктердин атылышын Македония аянтынан көрүштү.

Босния Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо да жаңы жыл кубанычтуу белгиленип, майрамдын борбору Тито проспектиси болду.

Британиянын борбор шаары Лондондо майрамдын адреси Таймс дарыясынын жээги болду. Англистер 2019 -  жылды фейерверктер менен баштады.

АКШда болсо кубанычтуу майрамдын адреси Нью  - Йорктогу Таймс аянты болду. Көптөгөн эл саат 12 болгондо бийлеп, ырларды ырдашты.

 

 

 



Тектеш кабарлар