Эл аралык Измир жарманкеси аяктады

Жарманкенин алкагында ар түрдүү иш-чаралар болуп өттү.

1270232
Эл аралык Измир жарманкеси аяктады

88-Эл аралык Измир жарманкеси (IEF) аяктады.

Катышуучу өлкө менен облустардын ортосунда соодалык пайдубал камсыздаган жарманкеде көркөм өнөр жана маданий иш-чаралар болуп өттү.

Жарманкенин алкагында ар түрдүү концерттер, көчөлөрдө оюн-зооктор, кино жана театр оюндары, спорттук иш-чаралар жана бий өнөрлөрү тартууланды.

Түркиядагы эң маанилүү жарманкелердин бири болгон бул иш-чарага быйыл 39 өлкөдөн 180 чакты ишкана катышты.

Жарманкенин быйылкы өнөктөш өлкөсү Кытай, негизги өлкө Индия, ардактуу конок облустар Стамбул менен Кахраманмараш болду.

Бул иш-чара быйыл 6-сентябрда башталган эле.



Тектеш кабарлар