Элчи Өмүралиев Технокент илимий изилдѳѳ борборунун ишмердүүлүгүн иликтеп чыкты

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Жакынкы Чыгыш Техникалык университетинин ректору проф. д-р Мустафа Вершан Кѳк менен жолугушуусу болуп ѳттү.

1347046
Элчи Өмүралиев Технокент илимий изилдѳѳ борборунун ишмердүүлүгүн иликтеп чыкты
омуралиев-одту1.jpeg
омуралиев-одту2.jpeg

2020-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Жакынкы Чыгыш Техникалык университетинин (Orta Doğu Teknik Üniversitesi) ректору проф. д-р Мустафа Вершан Кѳк менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Тараптар “Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин’ Технокент илимий изилдѳѳ бизнес борбору менен Кыргызстандагы Жогорку технопарктын ортосунда байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга келишти.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев “Жакынкы Чыгыш Техникалык Университети’ Түркиядагы эӊ алдыӊкы Жогорку окуу жай болгондугуна байланыштуу, инженердик технология жана экономика тармактарында билим алуу максатында кыргыз студенттеринин санын кѳбѳйтүү жана Кыргыз Республикасындагы техникалык университеттердин бири менен достук жана кызматташтык мамиле түзүүнү сунуштады.

 



Тектеш кабарлар