Эмине Эрдоган аял элчи жана элчилердин жубайлары менен жолугушту

Борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте уюштурулган сый тамактын алдында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жубайы Хуля Чавушоглу ыраазычылык сөзүн сүйлөдү.

1865755
Эмине Эрдоган аял элчи жана элчилердин жубайлары менен жолугушту
emine erdogan kadin elci ve elci esleri.jpg
emine erdogan kadin elci ve elci esleri.jpg
emine erdogan kadin elci ve elci esleri.jpg
emine erdogan kadin elci ve elci esleri.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы, биринчи айым Эмине Эрдоган 13-Элчилер конференциясынын алкагында элчилер жана алардын жубайлары менен түшкү тамакта жолугушту.

Борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте уюштурулган сый тамактын алдында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жубайы Хуля Чавушоглу ыраазычылык сөзүн сүйлөдү.

Кечки тамакта Эмине Эрдогандын жетекчилигинде даярдалган «Жүз жылдык рецепттер менен түрк ашканасы» китебинин салттуу даамдары конокторго тартууланды.

Мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы директору Мурат Карахан чакан концерт берген программанын аягында биринчи айым Эмине Эрдоган аял элчилер жана элчилердин жубайлары менен сүрөткө түштү.

Кечки тамактан мурун Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен Түркиянын токуу атласы долбоорунун алкагында жергиликтүү токууларды бириктирген «Түрк токуу атлас көргөзмөсү» элчи айымдарга жана жубайларына тартууланды.

Түркия токуу атлас долбоорунун алкагында чогулган жергиликтүү токууларды эл аралык аренада таанытуу максатын көздөйт.



Тектеш кабарлар