Эрдогандан «Ая София» бөлүшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Аясофия-и Кебир Мечити-и Шерифинин ибадат үчүн ачылганынын экинчи жылдыгынан улам билдирүү жарыялады.

1858770
Эрдогандан «Ая София» бөлүшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Аясофия-и Кебир Мечити-и Шерифинин ибадат үчүн ачылганынын экинчи жылдыгынан улам билдирүү жарыялады.

Эрдоган Твиттердеги билдирүүсүндө, «Фатхтын символу болгон Фатих Султан Мехметтин керээзи менен аманатын 86 жылдан кийин Айя София-и Кебир Мечити-и Шерифти кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн берген Аллахка чексиз мактоолор болсун. Аясофиянын тирилүүсү дагы бир жолу пайдалуу болсун»,деген сөздөрдү жазды.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө Аясофия-и Кебир Мечити-и Шерифтин сүрөтүнө да орун берди.

Стамбул каратылганга чейин 916 жыл чиркөө, 1453-жылдан бери мечит катары колдонулган Аясофия 1934-жылы кабыл алынган чечим менен 86 жыл музейге айландырылган. 2020-жылдын 10-июлунда кабыл алынган чечим менен мечитке айландырылган Айя София-и Кебир мечити 2020-жылдын 24-июлунда биринчи жолу окулган жума намазы менен ибадат үчүн ачылган.



Тектеш кабарлар