Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Түркия Дохадагы Expo 2023 иш-чарасынан сыйлык менен кайтты…
Катарда өткөрүлгөн Expo 2023 Доха иш-чарасында Түркия тарабынан ачылган павильон эң көп кыдырылган стенддердин бири болуу менен бирге «Багбанчылыкта мыктылык жана инновация үчүн мыкты үлгү павильон» мазмуну боюнча эл аралык баш байгеге татыктуу деп табылды.
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
2023-жылдын 2-октябрынан 2024-жылдын 28-мартына чейинки иш-чаранын алкагында ийгиликтүү павильон атайын сыйлыктары да Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн аземде ээлерине тапшырылды.
Бай мазмуну жана мактоого арзыган архитектуралык дизайны менен коноктордун көңүлүн бурган түрк павильонуна аземде AIPH (The International Associaton of Horticultural Producers) тарабынан «Багбанчылыкта мыктылык жана инновация үчүн мыкты үлгү павильон» эл аралык чоң сыйлыгы ыйгарылды.
Эл аралык коноктор салттуу түрк маданиятынын, искусствосунун жана гастрономиясынын үлгүлөрүн чоң кызыгуу менен көргөн Түркия павильону 6 айдын ичинде эң көп кыдырылган павильондордун бири болду.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.