Фетхиедеги Өлүдениз

Өлүдениздин өзгөчөлүгү миңдеген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтерди өзүнө тартып турат.

1466815
Фетхиедеги Өлүдениз

Мугланын Фетхие районундагы дүйнөгө белгилүү Өлүдениз- табигый кооз жерлери, географиялык жайгашуусу жана байыркы доорлорго негизделген тарыхы менен түрк туризминин локомотив жерлеринин бири болуп саналат.

Фетхиенин Өлүдениз кыштагы, укмуштуудай кооз пейзажы, көк жана жашыл түстөргө бөлөнгөн айлана-чөйрөсү, көгүлтүр деңизи жана көк желектүү пляждары менен жыл сайын миңдеген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтерди өзүнө тартууда.

Бул кыштактагы бийиктиктиги 1965 метр болгон Бабадаг тоосу болсо, параплан менен учууну каалаган жана адреналин сүйүүчүлөр үчүн Өлүдениздин уникалдуу көрүнүшүнүн негизинде унутулгус тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоодо.

Аймакта ошондой эле көк желектүү Кумбарну жана Белчекыз пляждары да бар.

Ликия цивилизациясында "жарык жана күн аймагы" деп аталган Өлүдениз, тарыхый жана маданий сапарлар менен бирге деңиздин ырахатын сезүүнү каалагандарга унутулгус элес калтырууда.



Тектеш кабарлар