Газиантеп сепилинде туннелдер жана суу аянты табылды

Туннелдердин сырын ачуу үчүн иликтөөлөр улантылып жатат.

1464781
Газиантеп сепилинде туннелдер жана суу аянты табылды

Газиантептин символдорунун бири болгон жана жыл сайын миңдеген туристтер келип турган тарыхый Газиантеп сепилинде туннелдер менен туннелдерге туташкан 18 метр тереңдиктеги суу аянты табылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк убактылуу мурастар тизмесине кирген тарыхый сепилде Газиантептин маданий мурастарды коргоо боюнча кеңешинин чечимине ылайык жүргүзүлгөн тазалоо жана казуу иштери убагында согуш мезгилинде колдонулгандыгы божомолдонгон кошумча туннель жана ушул туннелдерге туташкан 18 метр тереңдиктеги суу аянты табылды.

Шаардын мэри Фатма Шахин тарыхый сепилдин Газиантептин жүзү экендигин жана туннелдердин сырын ачуу үчүн иликтөөлөрдүн улантылып жаткандыгын айтты.

«Сепилдин астындагы бул тарыхый жерди дүйнөгө таанытуу жана бул тармакты биздин шаарга тартуу абдан маанилүү. Учурдагы изилдөөлөрдө 500 метрдик жолду ачтык, биз мындан ары да жолубузду уланта беребиз. Табылган туннелдер жана галереялар менен шаардын сыры ачылат»,- деди.



Тектеш кабарлар