Германияда таштандыдан 17 - кылымга таандык эки баалуу портрет чыкты

Портреттердин бирөөсү италиялык сүрөтчү Пьетро Беллотти, экинчиси голландиялык сүрөтчү Самуэл ван Хугстратенге таандык.

1661183
Германияда таштандыдан 17 -  кылымга таандык эки баалуу портрет чыкты

Германиянын Кельн шаарында  17-  кылымга таандык эки портрет таштанды контейнеринен табылды.

Эки картинаны тең эксперттердин иликтегендигин  жана портреттендин оригиналдуу болушу ыктымалдыгы жогору экендигин айткан Кельн полициясы картинанын ээлерин табуу үчүн коомчулукка кайрылды.

Кельн полициясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, баа жеткис портреттердин бирөөсү италиялык сүрөтчү Пьетро Беллотти, экинчиси голландиялык сүрөтчү Самуэл ван Хугстратенге таандык.

Белгилүү италиялык сүрөтчү Пьетро Беллоттиге таандык экендиги айтылган портрет  1665 - жылы сүрөтчүнүн өз портретин тарткан эмгеги экени белгиленди.

1627 – 1700 - жылдары жашаган Беллотти Венециядагы бай үй-бүлөлөрдүн коргоосунда баалуу чыгармаларды жараткан сүрөтчү катары белгилүү.

Голландиялык сүрөтчү Самуэл ван Хугстратенге таандык дагы бир портреттин жылмайган баланын портрети экени белгиленди.

Картиналарында перспективаны жакшы колдонгон Хугстратен Амстердамдагы Рембрандттын окуучусу катары белгилүү.



Тектеш кабарлар