Гөбеклитепе урандылары жана Зеугма мозаика музейи
Маданий мурастар жана музейлер башкы башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен билдирүү жасалды.
Шанлыурфадагы Гөбеклитепе урандылары жана Газиантептеги Зеугма мозаика музейи күнүмдүк зыяратчылар рекорддорун жаңыртты.
Маданият жана туризм министрлигине караштуу Маданий мурастар жана музейлер башкы башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө, Гөбеклитепе урандыларынын кечээ 11 миң 454 зыяратчыны кабыл алуу менен бардык убакыттардын күнүмдүк зыяратчы рекордун жаңылаганы маалымдалды.
Газиантеп Зеугма мозаика музейинин да 5 миң 660 кишини кабыл алуу менен күнүмдүк зыяратчы рекордун жаңыртканы белгиленген билдирүүдө: «Кызыкканыңыз үчүн чоң рахмат. Биз сизди ар дайым күтөбүз» деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.