Японияда түрк ашканасы күндөрү
Япониянын борбор шаары Токиодо эки өлкөнүн дипломатиялык карым - катнаштарынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында түрк ашканасы таанытылууда.
Япониянын борбор шаары Токиодо эки өлкөнүн дипломатиялык карым - катнаштарынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында түрк ашканасы таанытылууда.
Түркия - Япония дипломатиялык карым-катнаштарынын 100 жылдыгына байланыштуу 2024 - жылы эки өлкөнүн ортосунда маданий жана искусство иш-чаралары уюштурулууда.
Ушунун негизинде Түркиянын Токио элчилиги борбор шаардагы Imperial мейманканасында "Түрк ашканасы күндөрү" өткөрүлүүдө.
Түркия ашчылар жана шефтер федерациясынын төрагасы Байрам Өзерк иш - чара өткөрүлгөн мейманканадагы ресторандын алдында Токиого биринчи жолу келгендерин, түрк ашканасын толугу менен таанытууну максат кылгандарын айтты.
Иш-чарага жогорку деңгээлде катышуу болгонун жана түрк тамактарынын жогору бааланганын айткан Өзрек түрк ашканасында өзгөчө классикалык тамактардын жактырылгандыгын белгиледи.
Өзерк шорпо, тамак-аш, десерт, закуска жана салаттар болгон 25 түрдөгү ингридиенттин жактылыгандыгын айтты.
«Түрк ашканасы күндөрү» 30 - апрелге чейин уланат.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.