Ибрахим Эренге ТҮРКСОЙдун сыйлыгы ыйгарылды

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эренге ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов "Чынгыз Айтматов" атындагы алтын медалды такты.

1375024
Ибрахим Эренге ТҮРКСОЙдун сыйлыгы ыйгарылды

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эрен, Эл аралык Түрк маданиятын таанытуу уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан Түрк дүйнөсүнүн маданий бүтүндөшүүсүнө кошкон салымдарынан улам «Чынгыз Айтматов» атындагы алтын медалга ылайык көрүлдү.

Ибрахим Эрен, уюмдун имаратында өткөн аземде сүйлөгөн сөзүндө ушундай баалуу сыйлыкты алганы үчүн абдан сыймыктанганын белгиледи.

ТРТ катары СССР кулаган 1990-жылдардын башынан тарта Түркстан жана Түрк-Ислам аймагында өкүлчүлүк ачкандыктарын түшүндүргөн Эрен, ТРТнын бул жерлерге салымдарынын мекеменин эң негизги элементтеринен бири болгонун баса белгиледи.

Акыркы жылдарда 14 телеканалы жана  16 радио каналы менен ТРТнын дүйнөдө абдан чоң коомдук берүүгө  айланганын белгилеген Эрен, ТРТ Аваз каналынын болсо түзүлгөн күндөн тарта Түрк дүйнөсүнө салым кошууну максат кылганын айтты.

ТРТ кызматташкан ТҮРКСОЙдун Түрк дүйнөсүнүн тилине,маданиятына жана искусствосуна кошкон салымдары баа жеткис болгонун кеп кылган Эрен: "Түркстан аймагы менен Анадолунун карым-катнаштарын кайрадан жандандыру жана аң-сезимдерди күчтөндүрүү максатында программа, сериал жана даректүү тасмаларды ишке ашыруудабыз жана дагы улантабыз",-деди.

ТҮРКСОЙдун баш катчысы проф.д-р Дүсен Касеинов да ТҮРКСОЙдун аталардан калган бай маданий мурастын жашатылышын камсыздап дүйнөгө таанытуу жана келечек муундарга өткөрүү максаты менен дүйнөнүн ар кайсы аймак жана өлкөлөрүндө иш-чараларын талыкпай улантканын айтты.

Касеинов,чейрек кылым өткөн бул мөөнөттө ТҮРКСОЙдун иш-чараларына ТРТнын ар дайым колдоо көрсөткөнүн баса белгиледи.

Сөз сүйлөөсүнөн соң Касеинов, Ибрахим Эренге медаль жана "Чынгыз Айтматов" альбомун тапшырды.

 



Тектеш кабарлар