Евровидение ыр сынагы Британияда өтөт
Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) менен Британ телерадио мекемеси Би-Би-Си 2023-жылкы сынактын Улуу Британия тарабынан Украинанын атынан уюштурулушу боюнча макулдашканы белгиленди.
Улуу Британия 2023-жылы өтө турган Евровидение ыр сынагына кожоюндук кылат.
Ыр сынагынын Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө, быйыл 66-жолу өткөрүлгөн Евровидение ыр сынагында Украинаны «Стефания» аттуу ыры менен өкүлдүк кылган «Калуш оркестри» тобу жеңип алганына карабастан өлкөдө уланып жаткан согуш чөйрөсүнөн улам Украинанын 2023-жылы иш-чараны өткөрө албай турганы айтылды.
Билдирүүдө Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) менен Британ телерадио мекемеси Би-Би-Синин 2023-жылкы сынактын Улуу Британия тарабынан Украинанын атынан уюштурулушу боюнча макулдашканы белгиленди.
2023-жылы Британияда өтө турган ыр сынагынын бүтүндөй уюштуруу иштеринин жоопкерчилигин Би-Би-Синин өзүнө ала турганы, сынактын кайсы шаарда болоору ушул жуманын ичинде аныктала турганы билдирилди.
Май айындагы акыркы Eurovison сынагында Британиянын өкүлү Сэм Райдерс "Космос адамы" ыры менен экинчиликти алган болчу.