«Invitation Only» иш-чарасы
Иш-чарага 51 өлкөдөн кардарлар келет.
1306583
Үй тиричилик буюмдарын өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар коому (EVSİD) тарабынан уюштурулган «Invitation Only» иш-чарасы быйыл 20-23-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Стамбулдагы конференц-центр Хилтондо өткөрүлөт.
Коомдун билдирүүсүнө караганда, чет өлкөлүк кардарларды түрк ашкана сектору менен жолугуштурган «Invitation Only» иш-чарасына быйыл 51 өлкөдөн 81 ишкана келет.
Иш-чаранын ачылыш аземине, Түркиянын Экспортчулар ассамблеясынын төрагасы Исмаил Гүлле менен коомдун башчысы Бурак Өндер да катышат.