Искеченин шайланган муфтийи Мете каза болду

Искече шаарынын шайланган муфтийи Ахмет Мете 1965-жылы Искеченин Яссыөрен айылында төрөлгөн.

1855183
Искеченин шайланган муфтийи Мете каза болду

Батыш Фракия түрк азчылыгынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, Искече (Ксанти) шаарынын шайланган муфтийи Ахмет Мете 57 жашында каза болду.

Бир аз убакыттан бери рак оорусунан дарыланган Мете эртең менен Искечедеги үйүндө көз жумду.

Мете 1965-жылы Искеченин Яссыөрен айылында төрөлгөн.

Башталгыч жана орто мектепти Түркияда аяктаган Мете 1991-жылы Сауд Арабиядагы Медина Ислам университетин бүтүргөн, андан кийин Улудаг университетинин теология факультетинде билим алган.

Жогорку билимин Сауд Арабияда аяктаган Мете Батыш Фракияга кайтып келип, Искече муфтиятынын чатырында дааватчы жана Куран курсунун мугалими болуп иштеген.

Мете 2000-2007-жылдары өзүнүн Яссыөрен айылында имам болуп иштеген.

2007-жылы Искече муфтийлигине шайланган Мете Түрк азчылыктардын насаат жана хидаят комитетинин төрага орун басары кызматын да аткарган.

Мете үй-бүлөлүү, үч балалуу болгон.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Искече муфтийи Ахмет Мете үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Чавушоглу Твиттер баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө Метенин көрсөткөн кызматтарынын ар дайым жакшылык менен эскерилерин белгиледи.

Министр Чавушоглу:«Өмүрүн Батыш Фракия түрк азчылыгынын адилеттүү күрөшүнө арнаган Искече муфтийи Ахмет Метеге Аллахтан ырайым тилейм, анын кымбаттуу үй-бүлөсүнө жана баардык мекендештерибизге сабыр жана көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун. Жараткан бейишинен орун берсин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар