Кайсериде Choerolophodon фоссили табылды

Эки фоссилдин 7,5 миллион жылдык экени билдирилди.

1464605
Кайсериде Choerolophodon фоссили табылды

Кайсеридеги Ямула дамбасынын жээгинде жүргүзүлгөн казуу иштеринин натыйжасында 7,5 миллион жылдык эки фоссил табылды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Чеврил аймагында табылган калдыктардын пилдин «Choerolophodon» түрүнө таандык экендиги аныкталды.

Казуу тобунун башчысы Окшан Башоглунун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө табылган калдыктар, топурактан чыгарылып тазалангандан кийин лабораторияга экспертизага өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар