Кападокияда BALONFEST-2022 башталды
Иш-чаранын алкагында Гөреме аймагындагы фестиваль аянтында аба шарлары түстүү көрүнүштөрдү жаратты.
1857660
Невшехирге караштуу Кападокияда уюштурулган «3-Эл аралык ысык аба шар фестивалы» (BALONFEST 2022) ар түрдүү фигурадагы шарлардын катышуусу менен башталды.
Иш-чаранын алкагында Гөреме аймагындагы фестиваль аянтында аба шарлары түстүү көрүнүштөрдү жаратты.
Фестивалга Түркиядан тышкары Англия, Бельгия, Нидерландия, Люксембург, Швейцария, Германия, Чехия, Бразилия, Испания, Түндүк Македония жана Словениядан келген шар пилоттору асманга көтөрүлүп, табигый аскалар менен капталган өрөөндөрдө учуп өтүштү.
Быйыл үчүнчү жолу уюштурулган фестиваль 24-июлга чейин күн чыкканда учуу иш-чаралары жана кечинде болсо концерттик программалар менен уланат.