Кападокияда туристтер мыкты эс алышууда
Жүрүш турлары менен бирге түрдүү иш чараларга катышкан туристтер аймактын тарыхы жана маданий, табигый кооздуктарында фотографияларга түшүшүүдө.
Ар бир сезондо ар башкача көз караш менен конокторуна укмуштуудай эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган Невшехирдеги Кападокияда кыш айларында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар туристтерди жагымдуу эс алдырууда.
Пери морулары, табигый тоо тектери менен капталган өрөөндөрү, жер астындагы отурукташуу борборлору жана аскалардан оюлуп жаслаган тарыхый монастырлары менен Түркиянын негизги туризм борборлорунан Кападокияда туристтер кар менен капталган аймакта ат, ATV моторлору менен уюштурулган иш чараларга катышууда.
Жүрүш турлары менен бирге түрдүү иш чараларга катышкан туристтер аймактын тарыхы жана маданий, табигый кооздуктарында фотографияларга түшүшүүдө.
Кардын жаашы менен апапак келин көйнөгү кийген пери моруларынын арасында күн сайын уюштурулган иш чарага катышкан жергиликтүү жана чет элдик туристтер мыкты эс алышууда.