Кападокияда виртуалдык шар саякаты

Туристтер 3D көз айнеги аркылуу Кападокиянын кооздугун көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.

1465527
Кападокияда виртуалдык шар саякаты
kapadokya sanal balon turu1.jpg
kapadokya sanal balon turu.jpg

Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) байланыштуу шар менен саякаттоолор токтоп турган Кападокияда аймактын кооздугун асмандан көрүүнү каалагандарга "виртуалдык шар саякаты" кызматы көрсөтүлүүдө.

Невшехирде жашаган демилгечи Халит Донмаздын, өткөн жылы жогорку суроо-талапка байланыштуу катыша албаган туристтер үчүн баштаган симуляциялык иш-чара Ковид-19 пандемиясы процессинде да кызыгуу жаратууда.

Аванос районундагы жана Гөреме шаарындагы эки башка жерде жайгашкан ысык аба шарына түшкөн туристтер 3D көз айнеги аркылуу Кападокиянын кооздугун виртуалдык чөйрөдө көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Халит Донмаз атайын техниканын жардамы менен ысык аба шары аркылуу алынган 360 градустук көрүнүш жана үндөн турган 5 мүнөттүк виртуалдык саякатка болгон кызыгууга ыраазы экенин айтты.

Донмаз кийинки айлардан баштап Стамбулда жана Памуккаледе да виртуалдык шар саякаттарын баштоону пландаштырганын билдирди.



Тектеш кабарлар