"Кар жана аюунун" дүйнөлүк премьерасы Торонто кинофестивалында

«Discovery» бөлүмүндө Эргундун биринчи көркөм тасмасы «Кар жана Аюу» көрсөтүлөт.

1864364
"Кар жана аюунун" дүйнөлүк премьерасы Торонто кинофестивалында

Режиссер Селжен Эргундун Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) менен биргеликте тарткан «Кар жана Аюу» фильминин дүйнөлүк бет ачары ушул жылдын 8-18-сентябрында өткөрүлө турган 47-Торонто кинофестивалында болот.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, фестивалдын биринчи жана экинчи фильмдерин камтыган «Discovery» бөлүмүндө Эргундун биринчи көркөм тасмасы «Кар жана Аюу» көрсөтүлөт.

Түркия-Германия-Сербия биргелешкен өндүрүшү болгон кино, фестивалдын ачылыш бөлүмүндө тандалып алынган жалгыз түрк тасмасы болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

Кышкысын алыскы бир шаарга милдеттүү кызматка дайындалган жаш медайым Аслынын шаардагы жетекчилер менен мамилеси, жашыруун өнөктөштүк жана шектенүү окуяларын баяндаган тасма психологиялык чыңалуу элементтерин камтыйт.

Башкы ролду Мерве Диздар ойногон тасманын оюнчулук курамында; Сайгун Сойсал, Асие Динчсой, Эркан Бекташ, Дерья Пинар Ак жана Онур Гүрчай бар.



Тектеш кабарлар