Хорватияда «Түркия күндөрү» иш-чарасы

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга жаа атуу жана каллиграфия үйрөтүлүп, локум, кофе жана чай сыяктуу түрк ашканасынын үлгүлөрү да тартууланды.

1856089
Хорватияда «Түркия күндөрү» иш-чарасы

Хорватиянын Дарда шаарында Загреб Юнус Эмре институту (YEE) тарабынан «Түркия күндөрү» иш-чарасы уюштурулду.

Джлола жергиликтүү туризм ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында катышуучуларга жаа атуу жана каллиграфия үйрөтүлүп, локум, кофе жана чай сыяктуу түрк ашканасынын үлгүлөрү да тартууланды.

Загреб YEE координатору Фуат Коркмаз 2018-жылдан бери Джлола жергиликтүү туризм ассоциациясы менен биргелешкен иш-чараларды уюштуруп жатышканын белгилеп, катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар