"Кодокушиге" эң мыкты даректүү тасма сыйлыгы

"Кодокуши" Иранда өткөрүлгөн 8 - Эл аралык Шахр кино фестивалында "Эл аралык мыкты даректүү тасма" сыйлыгы менен сыйланды.

1859690
"Кодокушиге" эң мыкты даректүү тасма сыйлыгы

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) дүйнөлүк өндүрүшү "Кодокуши" Иранда уюштурулган 8 - Эл аралык Шахр кино фестивалынан "Эл аралык мыкты даректүү тасма" сыйлыгы менен кайтты.

Режиссёрлугун жана сценарийин Энсар Алтай милдеттенген «Кодокушинин» улуттук бет ачары 8-Босфор кинофестивалында өткөрүлүп, «Эл аралык калыстар тобунун атайын сыйлыгы» менен сыйланган.

24-Эл аралык Шанхай кинофестивалында эл аралык бет ачары болгон тасма фестивалдын баш байгеси «Алтын чөйчөккө» талапкер көрсөтүлгөн.

"Заманбап жашоо образы адамдарды жалгыз калтырат" деген идеядан шыктанган даректүү тасма, өмүрү кыйылгандан бир нече жума өткөндөн кийин байкалган адамдардын "жалгыз өлүмдөрү" тууралуу баяндайт. 



Тектеш кабарлар