Кожогелди Култегиндин ТҮРКСОЙдогу эмгеги бааланды
Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегинге ТҮРКСОЙ тарабынан Азербайжандын улуу акыны «Низами Генжеви» атындагы орден ыйгарылды.
Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегинге ТҮРКСОЙ тарабынан Азербайжандын улуу акыны «Низами Генжеви» атындагы орден ыйгарылды жана ТҮРКСОЙдун плакети берилди. Бул сыйлыктарды ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов өзү тапшырды.
Анкарадагы ТҮРКСОЙдун имаратында Кожогелди Култегиндин кызмат мөөнөтү аяктап жаткандыктан анын жасаган эмгектерине баа берилди.
Иш-чарага Кожогелди Култегинди тааныган академиктер, акындар, жазуучулар, коомдук ишмерлер жана мекендештери катышып ага мындан аркы эмгектенүүлөрүндө ийгиликтерди каалап, белектерин тапшырышты.
Кожогелди Култегин өз сөзүндө: «Түркияга келе жатканда 12 китебим бар болчу, эми кайтып жатканда 21 китеп менен кетип баратам. Менин 5 томдук китебим Түркияда кыргыз тилинде чыкты. Бул өзү кыргыз адабияты үчүн жаңылык. Түркия туурасында абдан көп жаздым. Абдан кубанычтамын, анткени Түркиядан, Түрк дүйнөсүнөн көптөгөн досторум болду»,-деп айтты.
Даамдуу дасторкон жайылып башталган иш-чара баарлашуулар жана сүрөткө түшүүлөр менен аяктады.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.