Курманжан Датка Анкарада эскерилди

Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги жана Жергиликтүү ой-пикир коому тарабынан Түрк тарых мекемесинин конференция залында Курманжан Датканы эскерүү иш-чарасы өттү.

1351719
Курманжан Датка Анкарада эскерилди

Кыргыздардын орус падышачылыгына каршы жүргүзгөн күрөшүнүн жана козголоңунун символ ысымы 1907-жылы дүйнөдөн кайткан Түркстан аймагынын легендарлуу аял лидери Курманжан Датка Анкарада ага арналган программада эскерилди.

Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги жана Жергиликтүү ой-пикир коому тарабынан  уюштурулуп Түрк тарых мекемесинин конференция залында өткөн эскерүү программасына президенттин башкы кеңешчиси жана Жергиликтүү ой-пикир коомунун ардактуу төрагасы Ялчын Топчу, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Түркия-Кыргызстан достук тобунун төрагасы жана Ак Партиянын Гиресундан эл өкүлү Сабри Өзтүрк, АК Партиянын Ордудан эл өкүлү жана Жергиликтүү ой-пикир коомунун жетекчиси Метин Гүндогду, Кыргыз Республикасынын  Кайсери шаары боюнча ардактуу консулу д-р. Мустафа Курт, Чанкыры университетинин адабият факультетинин окутуучусу, проф. Д-р Абдулселам Арас, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Кулуев, коопсуздук адиси, стратегист Абдуллах Агар, Түркияда билим алып жатышкан кыргыз жана чет элдик студенттер, жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, вандык кыргыздар, басма сөз органдары жана көп сандаган жарандар катышты.

Программада Курманжан Датканын Түркстан аймагы жана Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү ысым болгонуна көңүл бурулду.

Курманжан Датка сыяктуу лидерлердин Түрк дүйнөсүндө таанылышы керектигин баса белгилеген элчи Өмүралиев: «Курманжан Датка, 19-кылымда Орус падышачылыгынын катуу кысымына дуушар болду. Бирок Кыргызстандын көз карандысыздыгы үчүн уулунун дарга асылышына кайыл болду. Датка наамы Түрк дүйнөсү үчүн табылгыс баалуулук, ал убакта оңой менен берилбеген, жогорку даража болуп саналат»,-деп айтты.

Президенттин башкы кеңешчиси жана Жергиликтүү ой-пикир коомунун ардактуу төрагасы Ялчын Топчу өз сөзүндө, Курманжан Датканын бир гана мыкты курал колдонгон командир эмес, стратегист, көрөгөч, ийгиликтүү дипломат болгонун баса белгиледи.

Алай канышасы, көрөгөч аял Курманжан Датка дүйнөдөн кайтканга дейре Кыргыз элине жол башчылык кылганын белгилеген Топчу: «Улутунун эркиндиги үчүн күрөшкөн, империалисттик орус падышачылыгы менен болгон согуштарда көрсөткөн дипломатия жана саясий ийгилиги менен катар, аскердик генийлиги жана баатырдыгы менен дагы өз дооруна из калтырган чанда кездешүүчү кыргыз аял лидер»,-деди.

Иш-чарада Курманжан Датка туралуу баяндама жасаган Чанкыры университетинин адабият факультетинин окутуучусу, проф. Д-р Абдулселам Арас, Курманжан Датканын өмүр баянын, Алымбек Даткага кантип турмушка чыкканын жана Алымбек Датка шейит болгондон кийин башкарууну колго алып, элди кандай башкарганын, анын көрөгөчтүгүн, лидерлигин жана ар тараптуулугун түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар