Кыргыздар Анкаранын Чубук районундагы фестивалга катышты
Кыргыз Республикасынын Эл артисти К.Абыловдун тобунун жана Анталья шаарындагы кыргыз диаспорасынын курамындагы кыргыз таланттарынын катышуусу менен концерт тартууланды.
2019-жылдын 6-сентябрында Анкара шаарынын Чубук районунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги ар жылы ѳткѳрүлүп келе жаткан жана үстүбүздѳгү жылдын 5-сентябрынан 8-сентябрына чейин болуп ѳткѳн Эл аралык маданият жана консерваланган жашылча-жемиштер Фестивалына катышты.
Иш чарага Чубук муниципалитетинин башчысы Б.Демирбаш, Түркиянын Парламентинин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) жетекчисинин орун басары М.Э.Акбашоглу, ошондой эле Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздар катышты.
Иш чарада Кыргыз Республикасынын Эл артисти К.Абыловдун тобунун жана Анталья шаарындагы кыргыз диаспорасынын курамындагы кыргыз таланттарынын катышуусу менен концерт тартууланды. Ошондой эле Кыргызстан тууралуу видео роликтер көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштар жана көркөм-өнөр чыгармачылык көргөзмөлөрү уюштурулду.