Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Түркияда белгилене баштады

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арнап Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын фуайе аянтында фото сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

1663538
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Түркияда белгилене баштады
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIĞININ 30.YILI RESİM SERGİSİ TBMM_8.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIĞININ 30.YILI RESİM SERGİSİ TBMM_5.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIĞININ 30.YILI RESİM SERGİSİ TBMM_34.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIĞININ 30.YILI RESİM SERGİSİ TBMM_35.jpg

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Анкарада белгилене баштады.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин 30 жылдыкка арнап уюштурган фото сүрөт көргөзмөсү Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын фуайе аянтында тартууланып, анын ачылышын Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрага милдетин аткаруучу Сүрейя Сади Билгич мырза жасады.

Иш чарага Түркия парламентинин мүчөлөрү, анын ичинде Кыргызстан-Түркия парламенттик достук тобунун мүчөлөрү, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин, коомдук уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн, ошондой эле маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев 1991-жылы кыргыз элинин кылымдык тарыхында жаңы барак ачылганын жана Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы суверендүү мамлекет үчүн тарыхый кыска мезгил экендигин белгилөө менен кыргыз элинин жана өлкөнүн 2300 жылдык тарыхы бар экендигине көңүл бурду. Мындан тышкары, учурда кыргыз-түрк мамилелери стратегиялык статуска ээ экендигин кошумчалады.

Ошондой эле бул сүрөт көргөзмөсү буга чейин Түркия Республикасынын Президенттик Сарайында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын июнь айында Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында ачылгандыгын маалымдады.

Өз сөзүндө Түркия парламентинин вице-спикери Сурейя Сади Билгич боордош кыргыз эли түрк элинин жүрөгүндө өзгөчө орун ээлегенин баса белгиледи. Ал ошондой эле 30 жыл ичиндеги дипломатиялык мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Түркия экономика, соода, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, маданият, жаштар жана спорт жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшкөнүн белгиледи.

Ачылыш сөз сүйлөөлөрдөн кийин Элчи жана Сади мырза менен бирге калың топ эл өкүлдөрү жана келген коноктор көргөзмөнү кызыгуу менен кыдырып чыгышты.

Көргөзмөдө 60тан ашуун фото сүрөттөр жана гравюралар орун алып, Кыргызстандын бардык аймактары камтылган. Фото сүрөт көргөзмөсү менен Кыргызстандын жаратылышы, тарыхы, маданияты, адамдары, кол өнөрчүлүгү, улуттук спорттук оюндары, кооз жерлери жана ошондой эле «Манас» эпосу таанытылууда.

 



Тектеш кабарлар