Кыргызстандын кышкы туризми Анкаранын көчөлөрүндөгү билборддордо...

Анкаранын көчөсүнөн кетип бара жатканда туулган жериңдин сүрөтүн же видеосун көрүп калсаң кандай жыргал.

1763167
Кыргызстандын кышкы туризми Анкаранын көчөлөрүндөгү билборддордо...

Анкаранын көчөсүнөн кетип бара жатканда туулган жериңдин сүрөтүн же видеосун көрүп калсаң кандай жыргал.  Өзүнчө төбөң көккө жетип, биздин жерибиз ушундай деп көкүрөктү керип аласың. Мына ушундай окуяга мен күбө болдум.

Анкаранын Этимесгут районунун көчөлөрүндөгү билборддордо Каракол шаарындагы лыжа борборун көрсөтүп жатыптыр. Карап турсам ак-кара кийимчен бирөө зуулдаган бойдон лыжа тээп келип камеранын алдына токтоп бетин шамалдан тоскон айнекти көтөрүп, мээлейин чечип, бет кабын чыгарганда биздин президент Садыр Жапаров экенин дароо тааныдым. Анан президентибиз учурда Караколдогу лыжа борборунда турганын, Кыргызстанда абдан жакшы лыжа борборлору бар экенин, кышкы туризм өнүкөндүгүн айтып чет элдик турситтерди эс алууга чакырды. Мына чыныгы президент! Өлкөнү өнүктүрсө болот экен да...деп ичимден курсант болдум.

Андан соң бул жаңылык Түркиядагы гезиттерде, Элчиликтин сайтында, ал эмес телеканалдарда байма-бай чыгып жатты. Муну уюштурган биздин Анкарадагы Элчилигибиз экендигин дароо түшүнүп Элчилик кызматкерлерине жана элчибиз Кубанычбек Касымович Өмүралиевге ыраазычылык билдиргим келди. Рахмат Кубанычбек Касымович. Бул жакта жүргөн кыргыздарды кубантып, сыймыктандырдыңыздар. Рахмат сиздерге...

ТРТнын "Түркия үнү" радиосунун Кыргызча бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Асанбаев



Тектеш кабарлар