Лондондо "Түркия кылымы" фотосүрөт көргөзмөсү ачылды

Түркиянын тарыхый жана табигый кооздуктарын көрсөткөн 40 фотосүрөттү камтыган «Түркия кылымы» көргөзмөсү Британиянын борбор шаары Лондондогу Юнус Эмре институтунда ачылды.

2126159

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан  даярдалган көргөзмөнүн ачылышына Түркиянын Лондондогу элчиси Осман Корай Эрташ, коммуникация боюнча вице - президент Чагатай Өздемир, Лондон Юнус Эмре институтунун директору Мехмет Каракуш жана көптөгөн коноктор катышты.

Эрташ Эгей деңизинин жээктерин, байыркы шаарларды, тарыхый имараттарды жана пейзаждарды көрсөткөн 40 кадрдан турган көргөзмөнү кыдырып, фотосүрөттөр тууралуу маалымат алды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын  демилгелери менен Лондондун көчөлөрүндө Орозо айт майрамдалды.

«Түркиядан Улуу Британияга Рамазан айынын кооздугун жана орток мурасты белгилеп жатабыз» деп жазылган санарип экрандуу жүк ташуучу унаа оболу  көргөзмө ачылган Лондон Юнус Эмре институ,  андан кийин «Түркия» темасында  массалык ифтар программасы өткөрүлгөн  Трафальгар аянтын кыдырды.

Санариптик экрандагы майрамдык куттуктоонун фонунда түрктөрдүн салттуу декоративдик өнөрүнүн үлгүлөрү көрсөтүлдү.

Тектеш кабарлар