Маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлыктары ээлерине тапшырылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепеде «2018-жылдын маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлыктарын тапшыруу» аземинде сөз сүйлөдү.

1123334
Маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлыктары ээлерине тапшырылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, маданият жана искусствонун маанилүү тынчтык маселеси болгонун айтты.

Эрдоган, Бештепеде «2018-жылдын маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлыктарын тапшыруу» аземинде сөз сүйлөдү.

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан 1979-жылдан бери жыл сайын таратылган жана 2016-жылдан тарта да «Маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлыктары» аталышы менен эскерилген чоң сыйлыктардын быйылкы ээлери белгилүү болду.

Министрликтин атайын сыйлыктарына 2018-жылы «Эмин Онган Үскүдар» музыка жамааты жана Догуш тобунун колдоосу менен курулган «Ара Гүлер» атындагы архив жана изилдөө борбору (AGAVAM) «Ара Гүлер» музейи ылайык көрүлдү.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө маданият-искусство маселесинин эң аз террор менен күрөшүү, тышкы саясат, негизги кызмат аянттары сыяктуу маанилүү тынчтык маселеси катары каралганын айтып, «Буюрса жаңы мезгилде өлкөбүздө маданиятты, искусствону, архитектураны, шаар курууну ылайыктуу деңгээлге жеткиребиз»,-деди.

Эрдоган, Президенттиктин курамында түзгөн Маданият жана искусство саясаттары кеңешинин, бул тармактагы саясаттардын түптөлүшүнө салым кошо турганын, жасалган эмгектерди да байкай турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар