Мевлана музейи өз рекордуна жетти

2017 -  жылы жалпы Түркиядан 2 миллион 480 миң 433 киши зыярат кылган Мевлана музейин өткөн жылы да кытайлык, ирандык, тайвандык, америкалык жана түштүк кореялык көптөгөн турсит келип көрдү.

1121647
Мевлана музейи өз рекордуна жетти

Миллиондогон кишинин «Кел» деген чакыруусуна барган улуу ойчул жана аалым Азырети Мевлана Желаледдин Руминин кабыры жайгашкан Кониядагы Мевлана музейи зыяратчы саны менен рекордго жетти.

2017 -  жылы жалпы Түркиядан 2 миллион 480 миң 433 киши зыярат кылган Мевлана музейин өткөн жылы да кытайлык, ирандык, тайвандык, америкалык жана түштүк кореялык көптөгөн турсит келип көрдү.

Жергиликтүү жана чет элдик туристтер кызыгуу көрсөткөн музейди өткөн жылы  2 миллион 817 миң 356 киши келип көрдү. Ушундайча 2017 -  жылына караганда келип көргөн турист саны 13, 5 пайызга өстү. Бул турист саны менен Мевлана музейи өз рекордуна жетти.

Өткөн жылы Кытайдан 204 миң 802, Тайвандан 57 миң 722, Малайзиядан 38 миң 479, Тайланддан 29 миң 951, Индонезиядан 26 миң 14, Ирандан 16 миң 513 жана Испаниядан болсо 7 миң 413 турист Мевлана музейин кыдырды.



Тектеш кабарлар