Мифологиялык арал Гиресунга саякат
Гиресун аралына баргандар Византия мүрзөлөрү, тарыхый дубалдар, монастырдын урандылары жана чиркөөлөр сыяктуу тарыхый калдыктарды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мифологиялык окуялары жана тарыхый урандылары менен айырмаланган Гиресун аралы өзүнүн конокторун тосуп ала баштады.
Чыгыш Кара деңиздеги элдер жашаган жалгыз арал болгон Гиресун аралына баргандар Византия мүрзөлөрү, тарыхый дубалдар, монастырдын урандылары жана чиркөөлөр сыяктуу тарыхый калдыктарды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бул арал "Амазонка аялдары", "Геркулестин аралга алтын терини издеп келиши " сыяктуу мифологиялык окуяларга тема болгону менен белгилүү.
Мындан тышкары, куштардын көптөгөн түрлөрү жашаган Гиресун аралында баклан жана ак чардактардын уяларын көрүүгө болот.
Гиресун аралын Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастардын убактылуу тизмесине киргизилиши үчүн Маданият жана туризм министрлиги кайрылган жана иш-аракеттер уланып жатат.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.