Министр Кожа "Үйдө бол" демилгесин колдогон атактууларга ыраазычылык билдирди
Фахреттин Кожа, жаңы типтеги коронавирус (СOVID-19) менен күрөшүүнүн алкагында элдин үйдөн чыкпоосуна карата билдирүүлөрүн улантууда.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, жаңы типтеги коронавирус (СOVID-19) менен күрөшүүнүн алкагында элдин үйдөн чыкпоосуна карата билдирүүлөрүн улантууда.
Фахреттин Кожа, Твиттерден бөлүшүүсүндө атактуу оюнчу жубайлар Бурак Өзчивит-Фахрийе Эвжендин үйдө болгон убагында түшкөн фотосүрөтүнө «Турмуш үйгө батат» этикеткасы менен орун берди.
Министр Кожа: «Бурак Өзчивит-Фахрийе Эвжен, «Турмуш үйгө батат» дейт. Демилгебизге колдоо көрсөткөндөрү үчүн ырахмат айтамын»,-деп жазды.
Демилгени колдогон дүйнөгө таанымал пианист жана композитор Фазыл Сайдын да фотосүрөтүн ошол эле этикетка менен бөлүшкөн Кожа, ырахматын айтып: «Музыка болгон жерде турмуш ар дайым жакшы»,-деп бөлүштү.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.