"Мона Лиза" жана "Акыркы кечки тамак" Сенегалда көргөзмөдө
Леонардо да Винчинин дүйнөдөн кайтышынын 500 жылдыгына карата өлкөдө уюштурулуп, дүйнөгө белгилүү сүрөтчүнүн 17 шедеври атайын жарыктандыруу жана санарип сүрөт ыкмасы менен көркөм сүйүүчүлөр менен жолугушту.
Италиялык сүрөтчү жана илимпоз Леонардо да Винчинин шедеврлери 'Мона Лиза' жана 'Акыркы кечки тамак' Сенегалда ...
Леонардо да Винчинин дүйнөдөн кайтышынын 500 жылдыгына карата өлкөдө уюштурулуп, дүйнөгө белгилүү сүрөтчүнүн 17 шедеври атайын жарыктандыруу жана санарип сүрөт ыкмасы менен көркөм сүйүүчүлөр менен жолугушту.
Италиянын Дакардагы элчилиги жана Италиянын Маданий борбору уюштурган "Opera Omnia Leonardo" көргөзмөсү борбор шаар Дакардагы Кара Цивилизациялар Музейинде конокторун күтөт.
2019 - жылдын январь айында Да Винчинин өлүмүнүн 500 жылдыгына арналган жана Кытайдан Эфиопияга чейинки 15 өлкөнү кыдырган көргөзмөнүн акыркы аялдамасы Сенегалдын борбору Дакар болду.
Париждеги Лувр музейине коюлган "Мона Лиза" жана Миландагы Санта - Мария делле Грази монастырына коюлган "Акыркы кечки тамак" баш болгон 17 чыгарма атайын жарыктандыруу жана санариптик сүрөт ыкмасы менен жандандырылды.
"Opera Omnia Leonardo" көргөзмөсү 28 - февралга чейин ачык болот.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.