Нидерландияда түрк тектүү Аднан Текин жылдын эң экологиячыл саясатчысы болду
Нидерландияда Түндүк Нидерландия аймагынын губернаторунун орун басары, түрк тектүү Аднан Текин, жылдын эң экологиячыл саясатчысы болду.
Нидерландияда Түндүк Нидерландия аймагынын губернаторунун орун басары, түрк тектүү Аднан Текин, жылдын эң экологиячыл саясатчысы болду.
Нидерландияда Табият эстеликтери фондунун 11-жолу уюштурулган «2018-жылдын эң экологиячыл саясатчысы» сынагында 46 жаштагы Текин биринчиликти алды.
Сынакта табият тууралуу беш категория боюнча белгиленген 10 талапкерге бул иш-чара тууралуу расмий интернет барагынан добуш берилди. Сынактын калыстар тобу добуш берүүдөн кийин калган үч кишинин арасынан биринчи болгонун белгилешти.
Текинге сыйлык катары бир жыл бою кеңсесинде колдоно турган Нидерландия Парламентиндеги эл өкүлдөрү отурган орундуктун жашыл вериясы берилди. Орундуктун бетинде ушул убакка дейре сыйлыкка ылайык көрүлгөн саясатчылардын ысымдары жазылган.
«Эң экологиячыл саясатчы» сыйлыгы үчүн бир гана эл өкүлдөрү жарышчу. Быйыл провинциялык шайлоолордун себебинен аймактарда кызмат кылган саясатчылар да сынакка талапкер болушту.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.