Нооруз майрамы

21-март күн менен түн теңелген, жаздын жарчысы-Нооруз майрамы...

1382689
Нооруз майрамы

Жер жарылып чөп чыккан,

Желин жарылып сүт чыккан, Нооруз майрамы келди.

Бүгүн бир топ өлкөдө жаңы жылдын алгачкы күнү катары белгиленген, бир топ коомчулукта жаздын жарчысы катары кабыл алынган Нооруз майрамы кубанычтуу майрамдалууда. 2010-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюму тарабынан да Нооруз майрамы катары майрамдалган бул атайын күнүбүздүн кубанычына кошулуп, ар бир күнүбүздүн Нооруздай болушун каалайбыз.

Алас - алас,

Ар балээден калас!

Жаңы жыл келди,

Эски жыл кетти.

Жаңы күндү тегиз берди,

Жакшылыкты кеңири берди.

Корообуз малга толсун!

Орообуз данга толсун.

Жаңы жыл жалга,

Эски жыл колдо,

Ишибиз алга!

Алас, алас, ар балээден калас!

Улук аян түн келди,

Дыйкандарга жарык маанай күн келди.

Түндүгүңдү түрүп кой,

Меймандарга ак пейилиңден күлүп кой.

Дасторконун жайнаткан,

Умай эне куту келди,

Көк шибердин жыты келди.

Алас, алас, ар балээден калас!

Суу атасы Сулайман,

Менден эмес Кудайдан.

Кабыл кылсын тилекти,

Оорутпасын жүрөктү.

Көктөн жамгыр төксө экен,

Эгин-чөп дүркүрөп өссө экен.

Алас, алас, ар балээден калас! -

деп байыртадан бери тилек кылышчу экен. Азыр да ушундай тилектерди айтып, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн бирге улайлы! Каада-салтыбызды урпактарга өткөрүп, маданиятыбызды кийинки муундар улап кетүүсүнө өбөлгө бололу...



Тектеш кабарлар