Нооруз жаңылануунун, жаңыруунун,  жаздын  майрамы

Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова Эженин Ноорузга карата кайрылуусу.

1166769
Нооруз жаңылануунун, жаңыруунун,  жаздын  майрамы
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.1.jpg
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.23 - Kopya.jpg
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.33 - Kopya.jpg
nEVRUZ_KIRGIZ_ANK.74.jpg

Урматтуу туугандар, кадырлуу кыргыз элим, сүйүктүү коноктор!

Биз бүгүн ушул касиеттүү жааминин чатыры алдында  ата бабабыздан таберик калган,  табият менен төп келишкен жаз майрамын, жаңыруунун, жаңы жылдын башталышы болгон Нооруз майрамыбызды куттуктоо үчун чогулуп отурабыз. Урматтуу мекендештер, бир боор Түркиянын борбору  Анкара шаарында жашап, иштеп, окуп жаткан кыргыз журтчулугу, бардыгыныздарды бул берекеттин, молдуктун, теңдиктин майрамы менен куттуктайм.  Бул жылдын бардыгыңыздар үчүн ден-соолуктун, нечендеген ийгиликтин, кубанычтын жылы болушун, сүйүктүү мекенибиз Кыргызстан жана бир тууган Түркия үчүн өнүгүүнүн, өсүштүн, бир туугандык байланыштардын дагы да артышынын жылы болсун деп тилейм. Окуп жүргөндөр окуусун ийгиликтүү аяктап, мекенге кайтып, анын оор жүгүн аркалашсын, иштеп жүргөндөр ишинен баар таап, бир жагынан Түркияга, бир жагынан алыстагы ата мекенге  көмөк көргөзүшсүн.

Учурдан пайдаланып, мен бул жерде Нооруз майрамын башка майрамдардан башкача  кылган, анын негизин түзүп турган айрым өзгөчөлүктөрүнөн кеп кыла кетейин.  Анткени бул майрамдын атам  замандан бери жер шарынын көп жеринде кылым карытып жашап келишинин бир топ себеби бар.

Биринчиден, Нооруз жаңылануунун, жаңыруунун,  жаздын  майрамы. Бул учурда табият жанданып, кыш уйкусунан ойгонот, жан-жаныбарлар төлдөп, дарактар бүчүр байлап, көктөм чыгат. Айлана көрккө бөлөнө баштайт. Адам баласы да табият менен кошо шаттанып, маанайы көтөрүлүп, жашоого жаңы үмүттөр менен байланат. “Өлбөгөн жанга жаз келет” деп,  Кыргыздар ар качан жазды сүйүнүч, үмүт менен күтүшкөн, жазда сүйүүлөр башталат, жазда керемет ырлар, обондор жазылат.

Экинчиден, Нооруз теңдиктин, тең бөлүшүүнүн, ынтымактын, кайрымдуулуктун майрамы. Бул касиетин ал табигатта күн менен түн теңелген 21-марттан алат. Бул күнү  күндүн жарыгы  планетабыздын эки жарым шарына  бирдей тиет, ысыгы эки жарым шарды бирдей ысытат. Ата-бабабыз бул теңдикти өз майрам ырымдарына  да чагылтып, жаш-кары, бай-кедей, аял-эркек дебей бир казанда сүмөлөк кайнатып тең бөлүшүп жешкен. Сүмөлөктүн негизги азыгы болгон буудайдын бүчүрү да жаңыдан башталган жашоонун символу. Айрым  туугандарыбыздын, мисалы, азербайжандардын  Ноорузда жумуртканы бөлүшүп жемей адаттары да жандуу табияттын жаралышын, туулушун символдоштурган бир адат.

Үчүнчүдөн, Нооруз, тазаруунун, арылуунун, аруулуктун майрамы.  Нооруздун салттуу ритуалдары дене боюбузду, рухубузду, көңүлүбузду тазартуунун, бардык  ыпылас нерселерден, оорулардан арылып, аларды эски жылга таштап, жаңы жылга жаңырып, жаңы дем, жаңы кайрат, жаңы күч менен кирүүнү тилек кылган ритуалдар. Үй-жайдын тазаланышы, жаңы кийимдердин кийилиши, улуу оттор жагылып,үстүнөн секиртилиши, аластоо ритуалы – булардын баары арылуу, тазалануу тилеги менен жасалган. Аластоо учурунда айтылган:

Алас, Алас,

Ар балаадан калас.

Эски жыл кетти

Жаңы жыл жетти.

Айдан аман, жылдан эсен чыгалы.

Менин сары оорум сага өтсүн

Сенин кызыл нуруң мага өтсүн.

деген тилектер оттун арылтуучу күчүнө ишенген байыркы ата-бабабыздын ынанчынан келет.

Ошентип туугандар, Нооруздун бул айтылган мыкты тилектери баарыбыз үчүн кабыл болсун.  Арабызда араздашуу эмес, достук, бир туугандык мамилелер көктөсүн,  жаңыланалы, арам ойлордон, оорулардан арылалы, жаңы жылыбызга, жаңы күнүбүзгө ачык маанай, ак ниетибиз менен кирип, “Кош келдиң, Нооруз!” дейли. Бүгүн баарыбыздын башын кошуп отурган, бул аземди даярдаган, өз салымын кошкон Анкаранын ар бир эр-азаматына, айымдарына, бийкечтерине  жалпы элдин атынан ыраазычылык билдирип, катуу бир алкыштап коёлу. Бар болушсун, бактылуу болушсун. Байлыктары, барктары арта берсин! Элдин кызматында жүрүшсүн!  Жаңы кирип келаткан жылыбыз жакшылыктын , молчулуктун жылы болсун!

 

                   Проф. Д-р Гүлзура Жумакунова

17-март 2019 Диянет Вакфы конференция залы, Анкара.


Этикеткалар: #Нооруз

Тектеш кабарлар