Өлкө ичинде 29 - Октябрь Республика майрамын белгилөө

Республиканын курулушунун 97 жылдык майрамынын негизинде Стамбул губернаторлугунда азем өткөрүлдү.

1518085
Өлкө ичинде 29 -  Октябрь Республика майрамын белгилөө

Республиканын курулушунун 97 жылдык майрамынын негизинде Стамбул губернаторлугунда азем өткөрүлдү.

Стамбул губернатору Али Йерликая аземде сүйлөгөн сөзүндө  республиканын 20 -  кылымда жакырдыкка карабастан, коркпостон фронтко кирген ата  - бабалардын эң чоң жеңиши, кайгыда, кубанычта бир болгон улуттук чыгармасы экендигин белгиледи.

«1923 -  жылы 29 -  октябрда Ататүрк тарабынан жарыяланган ал күндөн бери күн сайын баарыбыз бир Республикабыз»,- деген Йерликая республиканын бардык балдарын Республика майрамы менен куттуктады.

Салтанатка 1 - армия жана гарнизондун командири генерал Муса Авсевер, Стамбул шаардык мэриясынын орун басары Хүсейин Аксу, аскердик, жарандык, административдик жана саясий кызматкерлер, чет элдик миссиялардын өкүлдөрү, коомдук мекемелердин жана уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана палатанын өкүлдөрү катышты.

Аксарайда 29 -  Октябрь Республика майрамы белгиленди. 15 -  Июоь Улуттук эрк аянтында өткөрүлгөн аземде губернатор Хамза Айдогду куттуктоолорду кабыл алды.



Тектеш кабарлар