Өлкөдө 23 - Апрель майрамдалууда
23 - Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуу Улуттук Парламентинин ачылышынын 104 жылдыгынан улам борбор шаар Анкарада парламенттеги Ататүрк эстелигинин алдында азем өткөрүлдү.
Өлкөнүн төрт тарабында 23 - Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы майрамдалууда.
23 - Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуу Улуттук Парламентинин ачылышынын 104 жылдыгынан улам борбор шаар Анкарада парламенттеги Ататүрк эстелигинин алдында азем өткөрүлдү.
Аземде Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Ататүрктүн эстелигине кызыл жана ак гвоздикалардан турган гүл чамбар койду.
Нуман Куртулмуштун жетекчилигиндеги мамлекеттик кызматкерлер да Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткбрда өткөрүлгөн аземге катышты.
Аныткабрдын аатйын дептерине кол жазмасын калтырган Куртулмуш : «Республикабыздын экинчи кылымынын Түркия кылымы болушу үчүн болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз»,- деди.
Билим берүү министри Юсуф Текин да мугалимдер жана окуучулар менен Аныткабрды зыярат кылды.
Текин атайын дептерге «Улуу Ататүрк, сизден алган илхам жана элибиздин күчү менен бул бейишибиз болгон мекенди дагы да өнүктүрүүдө чечкиндүүбүз»,- деп жазды.
Невшехирдин туристтик борбору Кападокияда эрте менен учкан ысык аба шарлары 23 - Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы үяүн түрк желектери менен учту.
Ошондой эле өлкөнүн бардык облустарында майрам кубанычтуу майрамдалууда.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.