Пикассонун чыгармалары көргөзмөгө чыгат

Дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Пабло Пикассонун чыгармалары эртең Измирде көргөзмөгө чыгат.

1271964
Пикассонун чыгармалары көргөзмөгө чыгат

Дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Пабло Пикассонун чыгармалары эртең Измирде көргөзмөгө чыгат.

Жер Ортолук деңизге жээктеш болгон өлкөлөрдөгү маанилүү мекемелер орун алган "Picasso-Méditerranée долбоорунун" негизинде уюштурулган көргөзмөлөрдүн Түркия бөлүмү эртең Аркас санат борборунда өткөрүлөт.

Иш – чаранын жабылуу көргөзмөсү болуу өзгөчөлүгүнө да ээ болгон «Пикассо жана аткаруучулук өнөрү» аттуу көргөзмөдө Пикассонун дүйнөсүн тема кылып алган бир топ маанилүү картинасы, долбоорлогон костьюмдары, эскиздери, айкелдер жана турмушуна байланыштуу фотографтардын жардамы менен аткаруучулук өнөрлөрүнүн Пикассонун өнөрүнө болгон таасири талкууланат.

Париж Пикассо музейи Фонд Хулио Гонсалес, Опера Гарньер жана Брюсселдеги Контаксопулоса-Прокопчука коллекциясында 83 чыгарма болгон көргөзмөдө сүрөтчүнүн жазуучулар, акындар жана музыканттар сыяктуу көптөгөн өнөрпоз менен болгон жакын байланышын тастыктаган фотографиялар да орун алат. Көргөзмөнү 2020 -  жыл 5 -  январга чейин Аркас өнөр борборунда кыдырууга болот.



Тектеш кабарлар